Музыкалык окуу жайдагы чуу: "Самара Каримованын мен тууралуу айткандары жалган" дейт мекеменин мурунку жетекчиси
2 күндөн бери Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жанында ырчы Самара Каримованын директор болуп дайындалышына каршы митинг өтүп жатат. Митингге чыккан окуу жайдын 30га чукул кызматкери Каримованын мыйзамсыз дайындалгандыгын айтып, жетекчилик кызматка билимдүү адис келиш керек экенин айтышууда.
Айтымдарында, учурдагы кырдаалга байланыштуу 5-6 күндөн бери сабактар үзгүлтүккө учурап, бул учур билим сапатына кедергисин тийгизип жатат.
Ошондой эле алар Самара Каримованы мугалимдер колдойт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын, ага 100 пайыз мугалимдер каршы экенин, бул ишти аягына чыгаруу үчүн Бишкекке чейин бара турганын айтып чыгышты. Ал эми Каримова мугалимдерди окуу жайдын мурунку жетекчиси Нурлан Каримов көмүскө үгүттөп жатат деп, маалымат каражаттары аркылуу билдирүүдө.
Бул боюнча SUPER.KG Нурлан Каримовдун пикирин укту. Анын айтымында, Каримованын айткандары чындыкка дал келбейт жана ал эч ким менен конфликтке барууну каалабайт.
"Мен 14-январда кызматымды тапшырып, жумуштан кеткенмин. Ошондон бери эшик бузулган күндүн эртеси бөлмөнүн ичиндеги документтер жоголуп кетпесин деп барып, аларды Каримовага өткөрүп бергенмин. Самара Каримованын "кызматтан кеткиси келбей, мугалимдерди уюштуруп жатат" деген маалыматы жалган. Эгер мен ошентип уюштуруп жатсам, анда далилдесин! Мен азыркы тапта окуу жайда жетекчи да, катардагы мугалим да эмесмин, тактап айтканда азыр мен эч ким эмесмин. Жамаат иштеп бер деди, мен иштей албайм дедим. Мен буйрук чыгып, кызматтан алынгандан кийин, ал жакта иштей албайм да. Коллектив Каримованы музыка жаатында билими жок деп кабыл албай жатышыптыр. Мен ал жерде мугалимдерди үгүттөп, аларга ар кандай сөз айтууга укугум жок. Коллектив каалаганын шайлап алсын, мен аларга эч нерсе деп айта албайм.
Чынында ал жердеги эмгек жамаат да менин барып иштөөмө кызыкдар эмес. Алар болгону билими бар адис келсин деген талап коюп жатышат. Мен Каримовага каршы эч нерсе уюштурган эмесмин, бул маалыматтар жалган. Ага "Мен сени менен деле иштеше берем, башкасы менен деле иштей берем, сага каршы да эмесмин. Сен мени жамандасаң жамандай бер, мен сени жамандабаймын" деп айтканмын. Мен негизи эле эркек, жигит катары айымдар менен конфликтке барбайм, аны жаман көрөм. Жетекчи эч качан жамандабайт, бирөөнүн артынан түшпөйт жана жаманатты кылбайт. Менде сабыр күчтүү. Ошондуктан катуу конфликтке барбаймын. Жумушту тапшыргандан бери, үйдө жумушу жок отурам. Бирок Самара мен жөнүндө эмне деп айтса да, ага капачылыгым жок, таарынбайм деле. Министрлик кандай буйрук чыгарса, ошол аткарылыш керек. Чынында ал жакка барып, иштегим деле келбей калды. Тескерисинче кесиптештерге "койгула, ишиңерди кылгыла" деп айтышым мүмкүн, а каршы үгүттөө түк оюмда жок", - деди Каримов.






1 |