super.kg logo

"Ал өзү кабинетте отурат столду кучактап эле". Музыкалык окуу жайдын мугалимдери Самара Каримованын жетекчи болушуна нааразы болуп кайрадан митингге чыгышты

 

Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жамааты жана студенттери Самара Каримованын жетекчи болушуна нааразы болуп кайрадан митингге чыкты. Бул тууралуу "Kloop кыргызча" баракчасында түз эфирде көрсөтүлдү.

Алар маданият министри Нуржигит Кадырбеков үн катпай жатканын айтып, кейип жатышат.

"Самара уялбай туруп, мен мугалимдер менен иштешип жатам, бөлүм башчылар мага келди. Иш жүрүп жатат деп жалган айтканынан кайра чыгууга туура келди. Бул кыз ушундай жалган айта берет экен. Эгер ишенбесеңер чекеден сурап көргүлө. Ал жөнөкөй да мугалимге сөзү өтпөйт керек болсо. Ал өзү кабинетте отурат столду кучактап эле. Андан башка эч нерсе кыла элек",- деген митингге чыккан мугалимдердин бири.

Мындан сырткары митингге чыккан мугилимдер Самара Каримова жалган маалымат таратып жатканына дагы жооп бериши керек экендигин, ошондой эле ал соттун чечимин алып келип алып, ызы-чуу кылып жатканын кошумчалап өтүштү.

Эске салсак, Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Кийинчерээк, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Апелляциялык даттануу түшкөндүгүнө байланыштуу, Биринчи Май райондук сотунун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
22.01.2021. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир жумаадан бери чон соройлор ешек такалап отурабы бир самаранын карап бутпос болдуго
22.01.2021. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айланайын Самаш кетчи ошол жерден. Креслосуз жашай албай калсаң, марафон уюуштуруп кресло алып берели. Каалаган жерге коюп алып отура бересиң. Бу элдин баарын дүрбөтүп бүтө турган болдуң го садага. Күндө жаңы сериясы.
22.01.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самара на мыло!!!
22.01.2021. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уят эле болду. Эми ырдап чыкпай эле коюш керек. Самара Кара алма бакты кара андан коро.
22.01.2021. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Самаранын шылтоосу менен Курал унутулуп калды окшойт! Министр демекчи Куралдын шоосуна тез эле реакция кылды эле, эмнеге 7-8 кундон бери Самарага соз айтылбайт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: