super.kg logo

"Бейтаптарды дарылоого даяр болгон жалгыз гана ооруканадагы орундарды чиновниктер үчүн кармашкан" дейт Чыныбай Турсунбековдун кызы

 

Өлкөдө коронавирус инфекциясынын биринчи толкунунда илдетке кабылган карапайм жарандарды "Семетей" госпиталында, ал эми чиновниктерди республикалык инфекциялык ооруканада дарылашкан. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда өткөн жыйында пандемиянын кесепеттерин иликтөө ведомстволук комиссиясынын мүчөсү Айдай Турсунбекова билдирди.

Айтымында, Бишкектеги инфекциялык оорукана коронавирус инфекциясынан жабыркаган бейтаптарды кабыл алууга, дарылоого даярдалган жалгыз мекеме болгон. Аталган медициналык жайдагы орундарды чиновниктер үчүн атайын кармашкан. Дарыгерлер атайын окуудан өтүп, даярдык көргөн эмес.

"Башкы дарыгердин айтымы боюнча, ооруканага санитарларды алуу үчүн эмгек биржасына кайрылууга мажбур болушкан. Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлери зарыл болгон дары-дармектерсиз, жабдыктары жок иштешкен. Аларды тиешелүү окуудан өткөрбөй туруп согушка жөнөткөндөй эле эпидемиологиялык абал курч жайларда иштөөгө жиберген", - деди ал.

Айдай Турсунбекова Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызы. Чыныбай Турсунбеков 5-июлда пневмониядан улам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.01.2021. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ажап болуптур. Атаң тирүү кезде кайда элең.
22.01.2021. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bessmertiy,табаа эмес тооба кылсаңчы азыркы учурда деле бизде абал курч бойдон калууда кеткендерди Кудайым ыраакматы кылсын калгандар саман бололу
22.01.2021. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: