Маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы коронавирус учурунда кеткен кемчиликтерди атады
Бүгүн, 22-январда коронавирус боюнча абалды иликтеген комиссиянын жыйыны өттү.
Анда пандемия учурунда дары-дармектердин сатылышы, канча сом кошулганы боюнча маалыматтар айтылды.
Коронавирус оорусунан каза болгон Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова маалымат жыйынында COVID-19га каршы туруу боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө айтты.
Анын айтымында, чиновниктердин биринчи катасы республикалык штабдын бардык чечимдери профилактикалык мүнөздө болгон. Алар массалык дезинфекциялоого, тосмолорду орнотууга, жабык мектептер, бала бакчалар жана коомдук тамактануу пункттарына гана көңүл бурушкан.
Айдай Чыныбекова штабдын мүчөлөрү өлкөдө инфекциянын массалык түрдө жайылышынын сценарийин эске алышкан эмес деп эсептейт.
Комиссия мүчөсүнүн айтымында, штаб чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөгөн эмес.
Мисал катары Айдай Чыныбекова COVID-19ду дарылоо боюнча клиникалык протоколдун үчүнчү версиясы май айынын башында даяр болгонун, бирок ал июнь айында гана жактырылгандыгын айтты. Бул протокол фармацевтикалык компанияларга 1-июлда гана өткөн.
Айдай Чыныбекова башкы дарыгерлердин бирине шилтеме берип, эмгек биржасында тартип сакчылары жумушка алынууга аргасыз болгонун, Воронцовка айылында тиш доктурлар коронавирус менен ооруган жарандарды дарылаганын айтты.



1 |