super.kg logo

Куткаруучулар тоолордун арасынан адашып, жигитине ыйлап чалган блогер кыздын сөөгүн табышты

 

21 жаштагы блогер-саякатчы Никки Доннели Канаданын Онтарио провинциясынын тургуну. Ал Instagram тармагындагы баракчасы аркылуу дүйнө кыдырып, саякаттагы сүрөт, видеолору менен бөлүшүп турчу. Пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам Никки Ванкувер тоолорунда эс алууну чечкен. Ал буга чейин деле жалгыз сапарларга чыгып жүргөн.

Тоолордо кар күрткүсү болгонуна карабай өзүнүн тарткан сүрөттөрүн байма-бай жүктөп турган блогердин иттерге чиркелген чана менен саякаттаган видеосу акыркы видео болуп калды. Анткени ошол эле күнү Никки адашып, жигитине жол таппай калганын телефон аркылуу ыйлап айткан. Жигити "Тез жардам" кызматына кабарлаган, бирок чалуудан бир саат өткөндөн кийин кыздын телефону өчүп калган. Түнү бою куткаруучулар тик учактар менен блогерди издешип, эртең менен гана табышкан.

Никки Доннели табылганда дароо ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер куткаруучуларды кубанта алышкан эмес. 21 жаштагы блогер түнкү суукка чыдабай каза тапкан. Көтөргөн баштыгы кичинекей жана анын ичиндеги буюмдар Никкинин катуу суукка даяр эмес экенин, аз күнгө сапарга чыкканын билдирип турат.






Тоолор арасында адашып, түнкү суукта үшүп көз жумган 21 жаштагы блогер Никки Доннелинилин акыркы видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: