super.kg logo

Бишкек шаардык мэриясы бак-дарактарды мыйзамсыз кыйган муниципалитетке айып пул салды

 

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бак-дарактарды мыйзамсыз кыйган муниципалитетке айып пул салынды. Бул тууралуу мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январда Пригородное айылынын айылдык кеңешинин администрациясы мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгына мыйзамсыз бак-дарактарды кыйып жаткандарга карата чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Бул фактыны текшерүү учурунда инспекторлор айылдык кеңештин аймагында Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 17 бактын мыйзамсыз кыйылгандыгын аныкташкан.

Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн муниципалитетке 36 миң 67 сом өлчөмүндө доо коюлгандыгы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: