super.kg logo

Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн 280 чарчы метр чатырын шамал учуруп кетти

 

Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн 280 чарчы метр чатырын шамал учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-январда саат 9:57де Ош шаарынын Сулайман-Тоо кичи шаарчасынын Урицкий көчөсүнүн тургуну тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу турак үйдүн чатыры катуу шамалдан улам бир бөлүгү жерге кулап, бир бөлүгү үйдүн үстүндө асылып жарандарга кооптуу абал жаратып калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынан 8 адамдан турган 2 куткаруу тобу аталган дарекке 10:20да жетип барып, кооптуу абал жараткан үйдүн чатырын болжол менен 50 чарчы метр жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатырды эч кандай зыян келтирбестен жерге түшүрүп, коопсуз жайга коюп беришкендиги жазылат маалыматта.

Жыйынтыгында Сулайман-Тоо кичи шаарчасынын Урицкий көчөсүнүн 15-үйүнүн 280 чарчы метр чатырын шамал учурган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: