super.kg logo

Австралияда 7 ай комада жаткан кытайлык жигит көзүн ачкандан кийин сүйүктүүсүн өлтүргөнгө шектелүүдө

 
Австралиянын Сидней шаарынын чет жакасында жайгашкан Вулли Крик шаарында Кытайдан барган студент жети ай комада жатып, ойгонгондон кийин сүйлөшкөн кызын өлтүргөн деп айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Вэйцзе Хе жана анын сүйлөшкөн кызы 19 жаштагы Лицюн Пань Кытайдан Австралияга окуу үчүн келишкен. Кыз-жигиттин сүйүү мамилеси эки жылга созулган. Пан англис тили мектебинде окуган. 2020-жылдын июнь айында Вэйцзе Хе сүйүктүүсү экөө жашаган төртүнчү кабаттагы батирдин балконунан кулап, башынан оор жаракат алып, комага түшүп калган. Ал эми ошол күндүн эртеси полиция кызматкерлери бөлмөдөн анын сүйүктүүсү Пандын жансыз денесин табышкан.
Пандын сөөгү Сиднейдин чет жакасына коюлган. Мамлекеттик чек аралар коронавируска байланыштуу жабык болгондуктан, тилекке каршы, кыздын үй-бүлөсү тажыяга катыша алган эмес.
Полиция кызматкери жигит балкондон атайылап кулап түштүбү белгисиз экенин айткан. "Ал аман калгандыгы үчүн абдан бактылуу. Көпчүлүк адамдар мындай жаракаттан кийин аман калмак эмес", - деп баса белгилеген укук коргоочу.
Жигит жети айга жакын комада жатып, ушул жылдын 20-январь күнү көзүн ачкан. Анын жанында полиция кызматкерлери да болгон. Укук коргоо кызматкерлери Вэйцзе Хе сүйүктүүсүн сабап өлтүргөнгө шектүү дешүүдө. Сот аны күрөөгө акча коюу менен бошотуудан баш тартты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.01.2021. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бизде 1 000 000 берсе сразы чыгарып жиберет болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: