Ырчы Тамга: "Тасмага тартылып эле тим болбостон режиссёрдон сабак алып жатабыз"




Чыгармачылыкта өзгөчө үнү, өзгөчө стили менен айырмаланган ырчы Тамга комедия жанрындагы тасмада роль аткарып жатканы кабарланган. Дебюттук тасмасы экенин айткан ырчы "тасмада сүйлөшкөн жигитимди өзүм ала качып кетем" деп тамашалап, тартуу иштери тууралуу кыскача айтып берди.
"Ак салкын" тасмасына тартылып жатам. Видео тандоодон өтүп, башкы каармандын ролуна тандалдым. Учурда тартуу иштери башталып, 1 ай убакытка Ысык-Көлгө келдик. Облустун тескей жагына барган эмесмин, ошол үчүн дагы убакыт кызыктуу өтүп жатат. Бул жактан жөн гана тасмага тартылып эле тим болбостон режиссёр Эрнест Абдыжапаровдон сабак алып, кино тармагындагы маалыматтар менен таанышып жатабыз.
Тартуучу топ, актёр, актрисалар чогулуп ырдап чер жазганга, ойноп эс алганга да үлгүрүп калабыз", - дейт ал.
Тартуучу топ, актёр, актрисалар чогулуп ырдап чер жазганга, ойноп эс алганга да үлгүрүп калабыз", - дейт ал.
Тамга - “Эйфория”, “Майда”, “Сени жактырам”, “Ой бой, boy” (рэпер Баястан менен) жана башка бир катар белгилүү ырлардын аткаруучусу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.