super.kg logo

Өлкө аймагында аба ырайына байланыштуу электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшү катталууда

 
Бүгүн, 22-январда кардын калың жааганына байланыштуу "Түндүк электр" ААКсында электр энергиянын өлкө аймагында авариялык өчүрүлүшү катталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кардын калың жааганына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда электр энергиянын авариялык өчүрүлүшү катталды.
"Бузууларды жокко чыгаруунун үстүндө 32 оперативдүү-чыгуу бригадалары эмгектенүүдө. Анын ичинен: Бишкек шаары боюнча 8, Чүй облусу боюнча 19 жана Талас облусу боюнча 5 бригада.
Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо максатында "Түндүк электр" ААКсынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөдө", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: