super.kg logo

Самара Каримованын директорлукка дайындалышы боюнча Маданият министрлигинин доо арызы 3-февралда каралат

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен соттошуп утуп алган. Биринчи Май райондук сотунун чечиминен кийин ырчы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалган. Бирок эмгек жамааттын каршылыгынан улам Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Маалым болгондой, министрликтин Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата даттануу арызын кароо 3-февраль күнү саат 14:00гө белгиленди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги апелляциялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Бүгүн, 22-январда окуу жайдын эмгек жамаатынын нааразычылыктарынан улам Самара Каримова жетекчилик кызматтан баш тартарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
23.01.2021. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Самара утулду. Кыргыз элибиз утту.
23.01.2021. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Самарада бет жок экен. Жон эле ырдап жүрө берсе болмок
23.01.2021. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир эле эмгек жааматы эмес,коптогон кыргыз жарандары нараазы болдук.Байлыгына чиренсе,билим берип,башкаргысы бар болсо музыкалык мектеп ачып алсын.Эл колдойт болчу.Кайра Самараны сотко беруу керек ,менин аброюмду тебеледи,эмгек жааматынын иштоосуно тоскоолдук кылды деп
23.01.2021. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кокотойдун ашы болду го биягы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: