super.kg logo

ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүнө "Pfizer" вакцинасын сактай турган муздаткыч алып берүү планы жок экени айтылды

 

ЮНИСЕФ Кыргыз өлкөсүнө "Pfizer" вакцинасын сактай турган муздаткыч алып бере албайт. Бул тууралуу ЮНИСЕФ уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Кристин Жольм билдиргенин маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"ЮНИСЕФ уюму коронавируска каршы эмдөө жаатында COVAX тутумунун алкагында колдоо көрсөтүү үстүндө иштеп жатат. Бул үчүн 2019-2020-жылдары өлкөдөгү вакциналарды сактоого 973 муздаткыч алынган. Ал эми "Pfizer" вакцинасы үчүн зарыл болгон ашыкча муздатуучу жабдууларды азырынча алып берүү планы жок", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде вакцинаны сактоочу муздаткыч менен камсыздоо жагынан ЮНИСЕФ жардам берерин билдирген.

Бүгүн, 22-январда коронавируска каршы вакциналарды сактоо үчүн USAID уюму Кыргыз өлкөсүнө муздаткычтарды сатып бербей тургандыгын, вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.01.2021. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кереги жок пфайзердин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: