super.kg logo

Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы 9 күнгө камакка алынды

 

Орусиянын Москва шаарында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш уруксатсыз митингге үндөгөнү үчүн тогуз күнгө камалды. Тиешелүү чечимди Москвадагы Савелов райондук соту кабыл алганын орус басылмалары жазып чыгышты.

"Анда Ярмыш 23-январга белгиленген Алексей Навальныйды колдоо боюнча уруксатсыз акцияларга башкаларды чакырган деп табылды. Орус бийлиги апта соңуна белгиленген ири нааразычылык акцияларын алдын алуу үчүн убактылуу тергөө Навальныйдын тарапташтарын четинен кармап жатат.

Кечээ, 21-январда Кира Ярмыш менен катар Навальныйдын дагы төрт тарапташы: Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристтери Любовь Соболь, Владлен Лось, Навальныйдын Краснодар аймагындагы штабынын координатору Анастасия Панченко, фонддун иликтөө тобунун башчысы Георгий Албуров кармалып, алар Ярмыштан башкалары суракка алынган соң бошотулган", - деп жазылат маалыматтарда.

Эске салсак, Алексей Навальный 17-январь күнү Берлинден Москвага учуп келери менен "Шереметьево" аэропортунда кармалган. Ал баш коргоо чарасы аныкталганга чейин камакта калары маалым болуп, 30 күнгө камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы "Мастросская тишина" аттуу тергөө абагында кармалып турат.

Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багыты боюнча учуп бара жатып, өзүн жаман сезгендиктен учак Омск шаарына конуп, ал ооруканага жаткырылган. Кийин анын абалы начар болуп кеткендиктен Германияга которулуп, дарыгерлер уулангандыгын аныкташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: