Президенттин ант берүү аземин уюштуруу комитети жаңы сценарийди карап чыкты





Бүгүн, 22-январда мамлекет башчынын кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында ал иш-чарага даярдык көрүүгө байланыштуу учурдагы уюштуруу маселелерине токтолду.
Жыйындын катышуучулары инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасынын долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишти.
Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана жарандардын коомдук коопсуздугу үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыз кылуу милдеттери коюлду.
Жыйындын жыйынтыгында уюштуруу комитетинин мүчөлөрү түзөтүүлөрдү эске алуу менен, инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасын жактырышты.



1 |