super.kg logo

Артём Новиков: "Өкмөт биринчи толкундан сабак алышы керек"

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков саламаттыкты сактоо тутумундагы актуалдуу маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Коомчулукта саламаттыкты сактоо тутумунун иштөөсүнүн натыйжалуулугуна, ошондой эле коронавирус инфекциясын жоюу жаатында кабыл алынып жаткан чараларга, вакциналарды сатып алуу жана аны өлкөгө жеткирүүгө тийиштүү көптөгөн суроолор жаралууда. Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттар департаментине суроолор бар. Күн сайын саламаттыкты сактоо тутумундагы чечимдерди даярдоодо иш-аракеттердин макулдашылбагандыгын байкоодобуз", - деди Новиков.

Анын айтымында, көз карандысыз жумушчу топ саламаттыкты сактоо тутумундагы бир катар көйгөйлөрдү ачыктады.

"Биздин дарыгерлер, ыктыярчылар дүйнөнүн бир дагы мамлекети COVID-19га даяр болбогондугуна карабастан адамдардын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин кылып жатты. Учурда медиктерди жазалоо же жоопкерчиликти кимдир-бирөөгө оодаруу милдети турган жок. Биз саламаттыкты сактоо тутумун модернизациялоонун жана эпидемиялык абалга жооп кайтаруунун так планын иштеп чыгышыбыз керек. Бул белгилүү убакытты алары түшүнүктүү, бирок аны азыртадан баштообуз зарыл. Бүгүнкү күндө негизги милдет катары аталган маселелерди чечүүгө тыкыр кадамдарды иштеп чыгуу эсептелет. Көз карандысыз комиссияны түзүүнүн максаты – 2020-жылдын июнь-июль айларындагы түзүлгөн кырдаалдын себебин объективдүү талдоого алуу, ошондой эле келечекте ушундай окуялардын алдын алуу максатында конкреттүү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу", - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Буга катар кеңешмеде саламаттыкты сактоо тутумун оптималдаштыруу маселеси көтөрүлдү.

"Бүгүнкү күндө биз көрүп тургандай, кабыл алынган кадамдар күтүлгөндөй ийгиликтүү болгон жок. Ошондуктан оптималдаштыруу маселеси өкмөттүн ишинде комплекстүү түрдө каралышы абдан маанилүү. Ал бир нече базалык принциптерден турушу керек, анын катарында саламаттыкты сактоо тутумундагы санариптештирүү, саламаттыкты сактоо тутумунун алгачкы звеносунун калк үчүн жеткиликтүүлүгү, ошондой эле жарандар үчүн персоналдык камсыздоонун толук кандуу эсеби жана дарылоого жеткиликтүүлүк маселеси бар.

Саламаттыкты сактоо тутумундагы моралдык климатты калыбына келтирүү, ошондой эле жарандарыбыз үчүн объективдүү маалыматты, анын ичинде COVID-19 каршы вакциналарды каттоо жана ташып келүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча объективдүү маалыматты жеткирүү маанилүү. Мен ЖМК аркылуу тийиштүү ишти жүргүзүүнү өтүнөм, алсак, COVID-19 программасынын алкагында биздин 1,2 миллион жараныбыз үчүн сегиз түрдүү вакцинаны тандоо мүмкүнчүлүгү сунушталууда", - деди Новиков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине мекеменин мындан аркы натыйжалуу иши, ошондой эле иш-чаралардын тийиштүү планын кыска мөөнөттө киргизүүсү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: