Кычыраган кышта ӨКМнын суучулдарынын муз алдында машыгуусу (видео)
Бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары муз алдында практикалык машыгуу өткөрүштү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар суукта издөө иштерин жүргүзүүдөгү бир катар маанилүү тапшырмаларды иштеп чыгышты.
"Алар кыш мезгилинин кычыраган суугунда суу астында издөө жана куткаруу иштерин иштеп чыгышты. Машыгуунун негизги максаты - кызматкерлердин туруктуу даярдыгы жана кыраакылыгын камсыз кылуу. Сабактар практикалык жана теориялык бөлүктөрдөн турат. Сабактар жумасына эки жолу муз бассейндеринде жана көлмөлөрдө өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Кычыраган суукта ӨКМдин суучулдарынын муз алдында машыгуусу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.