super.kg logo

Кыргыз-Британ байланыштарын активдештирүү маселеси талкууланды

 

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Улуу Британия Бириккен королчулугунун жана Түндүк Ирландиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз-Британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде мыйзам үстөмдүгү, коррупцияга каршы туруу, сөз эркиндиги, жашыл экономика жаатындагы маселелер, буга катар 1-12-ноябрда Глазго шаарында (Шотландия) өтүүчү БУУ Рамкалык конвенция тараптарынын XXVI конференциясына катышуу маселеси талкууланды.

Максат Мамытканов 10-январда өткөн президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоосу жана башкаруу формасын аныктоо боюнча жалпы улуттук референдуму жогорку уюшкандык деңгээлде өткөндүгүн белгиледи жана үстүбүздөгү жылы орун алуучу маанилүү саясий окуялар тууралуу маалымат берди.

Тараптар бардык деңгээлдеги Кыргыз-Британ байланыштарын активдештирүүнүн жана эки тараптуу өз ара аракеттешүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: