"Паспортунун мөөнөтүн узартууга болбойт дегенде ызы-чуу салган". Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинде кыргыз аял кылган башаламандыктын чоо-жайы
20-январда Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин аймагында болгон окуя социалдык түйүндөрдө тараган, анда ар кандай туура эмес маалыматтар тарап жатканы боюнча окуянын чоо-жайын билдиришти. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 20-январда болжол менен саат 17:00дө элчиликтин консулдук бөлүмүнө 1988-жылы туулган С.А. аттуу Кыргыз жараны жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу узартуу талабы менен кайрылган.
"Анын өтүнүчүнө жооп катары элчиликтин кызматкерлери жалпы жарандык паспорттун мөөнөтүн узартуу мүмкүн эместигин билдирген. Жаранга паспортту алмаштыруу жол-жобосу боюнча консультация берилген. Ошону менен бирге паспортту алмаштыруу боюнча жарандардын көп сандагы кайрылууларын эске алуу менен, алдын ала жазылуу жолу менен гана ишке ашырылары белгиленген.
С.А. аттуу жарандын, аны алдын ала жазуусуз жана кезексиз тейлөө боюнча талабына жооп катары, залда өз кезегин күтүп отурган Кыргыз жараны бар экендиги түшүндүрүлгөн. Консулдук бөлүмдүн күзөтчүсүнүн консул алдын ала жазылган жарандарды кабыл алууну улантуусу үчүн анын залдан чыгуусу боюнча өтүнүчүнө С.А. аттуу жаран нааразычылык билдирип, агрессивдүүлүк менен күзөтчүнү бир нече жолу башка чапкан.
Мындан сырткары, жарандарды кабыл алуу кабинетине чуркап кирип, жаман сөздөр менен кыйкырып, столдо жаткан степлерди ала калып документтерди кабыл алуу боюнча компьютерди жана техникаларды талкалайм деп коркутууга өткөн", - деп билдиришти элчиликтен.
Буга байланыштуу элчиликтин күзөтчүсү коопсуздукту камсыз кылуу максатында, С.А. аттуу жаранды консулдук бөлүмдүн имаратынан чыгарууга мажбур болгонун билдиришти.
"Кырдаалды объективдүү иликтөө максатында, элчилик видеожазууларды карап чыгып, элчиликтин имаратынан башынан жаракат алган белгилерсиз чыгып кеткен С.А. аттуу жаранды күзөтчү "токмоктогон жок" деп билдирет", - деп айтылат маалыматта.
С.А. аттуу жарандын денесине залал келтирилген деген айыптоолорун эске алып, элчилик медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат алуу максатында Москванын саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле укук коргоо органдарына расмий суроо-талап жөнөткөнүн кошумчалашты.


Акчадан тыгыш керек оозуна