Орусияга барып келүү түйшүгү. Эми Кыргыз өлкөсүнө келген жарандардан ПЦР тесттин жыйынтыгы талап кылынат
Коронавирус пандемиясы башталып, жолдор жабылгандан бери Орусияга кетүү көйгөйү жаралды. Азыр абал салыштырмалуу турукташып, Орусияга жумасына 2 жолу учак каттамы ишке ашырыла баштады. Бирок учак каттаганы менен көпчүлүк жарандарды ал жакка болгон билет баасынын кымбаттыгы кейишке салып жатат. Алардын айтымдарында, билет баасынын 60-70 миң болушу, калктын капчыгына туура келбейт. Мындан сырткары Орусияга учуу үчүн ал жакка баруу зарылдыгын көрсөткөн атайын негиздеме талап кылынууда. Бул негиздемени Москвага учкан жарандар 10 миң сомдон жогору акчага жасатып жатышат. Алар бул негиздемени пандемияга шылтоолонгон бизнес дешет.
Мындан улам мигранттар бул маселени чечип берүүнү өкмөттөн, тиешелүү тараптардан өтүнгөн билдирүүлөрүн социалдык тармактар аркылуу жана SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө жазып, билдиришүүдө.
Бирок ошол эле учурда билет баасынын кымбат болгонуна деле кайыл болуп, ал жакка жетип алып, иштесем деген да жарандар бар. Ошентсе да Кыргыз жарандары үчүн Орусияга учууга билет маселеси орчундуу бойдон калууда.
21-январда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров Орусияга мигранттарды кечеңдетпей кетирүү керек экенин айтып чыкты.
Депутаттын айтымында, пандемия учурунда Кыргыз өлкөсүнө 180 миңдей жаран кайтып келген. Анын маалыматына ылайык, азыркы тапта жалпы 500 миңге жакын киши өлкөдө жумушу жок жүрөт. Мындан улам депутат керек болсо жарандарды эшелон-эшелон кылып поездге салып, Орусияга жеткиргенге аракет кылып, билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек экенин билдирди.
Бул пикир албетте талкуусуз калган жок. Аны туура кабыл алгандар, ошол эле учурда тескери кабыл алып, Жапаровду жектегендер да болду.
18-январда Орусияга болгон авиакаттамдардын жандануусу боюнча маалымат жыйын өтүп, жыйында жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев маалымат берген. Шаршеев жарандык авиация агенттиги билеттердин баасын коюуга тиешеси жоктугун билдирген.
Ал эми «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыковдун кеңешчиси Дайырбек Орунбеков да аэропорттун билет баасын көзөмөлдөй албай турганын билдирди.
Ал мындан ары эми Кыргыз өлкөсүнө киргендерден ПЦР анализдин жыйынтыгы талап кылына турганын белгилеген.







1 |