Мэрия: "Мугалимдер онлайн окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабакты өткөрүп жиберет деген маалыматтар чындыкка дал келбейт"
Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабакты өткөрүп жиберет деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Аралыктан билим берип жаткан мугалимдер өзүнчө сабак өтөт, мындан сырткары, телеканалдарда телесабактар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Калган класстар аралыктан билим алууну улантууда. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген.
Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге жана балдарга мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса төмөнкү WhatsApp номери (0709-24-02-84) аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Менин балдарымдын мугалимдери убагында өтүп жатты .