super.kg logo

Өткөн жылдын декабрында коронавирус менен ооругандардын саны ноябрга салыштырмалуу 2,7 пайызга төмөндөдү

 

2020-жылдын декабрында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны ноябрга салыштырмалуу 2,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын ноябрь айында өлкөдө жалпы коронавирус инфекция (COVID-19) оорусу менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 14 миңден ашык учур катталган. Ушул эле көрсөткүч декабрь айында 13 миң 705ке түшкөн.

2020-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны

Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 2,7 пайызга төмөндөдү. Ал эми октябрь айына салыштырмалуу, тескерисинче, 5 пайызга көбөйдү. Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу катталган коронавирус инфекцияларынын санынын төмөндөгөнү өлкөнүн Чүй облусунан башка бардык аймактарында белгиленди. Ал эми Чүй облусунда катталган учурлардын жалпы санынын жарымынан көбүн (56 пайызын) түзүү менен алардын саны дээрлик 3 эсеге көбөйдү.

Калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен
ооругандардын саны






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: