"Кескин тыюу салууга болбойт!". Муфтийдин орун басары жоолукчан окуучуларды мектепке киргизбей жаткан учурлар көп катталып жатканын айтып чыкты
Акыркы күндөрү жоолук маселеси боюнча муфтиятка ар кайсы аймактардан көптөгөн кайрылуулар жана даттануулар келип түшкөн. Айтымдарында, алар жоолуктун айынан мектеп жашындагы кыздарын мамлекеттик билим берүү мекемелерине жибере албай калышкан.
Айрым мектеп директорлору жана мугалимдери мектептин ички уставына таянып, диний үй-бүлөлөрдүн кыздарын мектепке жоолуксуз келүүсүн талап кылган жагдайлар көбөйгөн. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Кадыр Маликов социалдык желедеги жеке баракчасына маалымат жарыялады.
Анын айтымында, бул позиция зулумдукка, акыйкатсыздыкка алып келет.
Ал ошондой эле СССРдеги атеизм, адамдар ишенимин жүрөктөрүнө катып турган мезгил эчак өткөнүн белгилеген.
Ошол эле учурда мектеп окуучулары жоолук салынгысы келбей, аларды ата-энелери мажбурлай турганын айткан жарандар да бар.
Муфтият Билим берүү жана илим министрлигине бул боюнча кайрылуу катын даярдоону пландап жатканы маалым болду.


Аллах таала эч кимге буйрук берген эмес. Диндеги баардык эрежени адамдар оздору ойлоп чыгарышкан. Эркектик касиетке жарабай калып, тигил жагы турбай калып, кыздардан толук умутун узгон эркектер кыздар жонундо дайымп терс пикирде.