super.kg logo

Ысык-Көлдө 400 граммдан ашык гашиш алып жүргөн адам кармалды

 

Ысык-Көлдө 400 граммдан ашык гашиш алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы шектүү Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына киргизилди.

"УКМК 23-январда Ички иштер министрлиги менен биргеликте баңги заттарды ташуу жана сатуу, мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Ысык-Көл областынан 1991-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Е.К. кармалды.

Кармалган адамды жана унааны жеке текшерүү учурунда, кочкул күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар "гашиш" аталган, жалпы салмагы 400 граммдан ашык 29 брикет табылып алынган.

Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Ысык-Көл районундук Ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: