super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Акун "Жогорку Кеңешти Европалык сотко берем" дейт

 

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңешти Европалык сотко берем дейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-октябрда билдирди. Акун буга чейин кызматтан мыйзамсыз бошотулганын айтып парламентти сотко берген. "Менин арызым боюнча иш Жогорку Сотто 6-ноябрда каралат. Бирок соттон утуп чыгарыма ишенбейм. Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев бардык сотторду колго алып койгон. Анткени мен анын туура эмес иштеринин баарын ачыктагам. Ал буга чейин мага "Камчыбек Ташиевди акылынан айнып калыптыр деп айтып чык" деген. Мен "соо адамды антип айтпайм" деп каршы болгом. Ошондон бери мага каршы чыгууда. Парламентти Европалык сотко берем",- дейт Акун.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: