super.kg logo

Кар жааганы тоскоол эмес! Жума намаз учурунда чөк түшө намаз окуп жаткандардын сүрөтү талкууда

 

Кечээ, 22-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жана Бишкек шаарына кар калың жаады. Ал эми азыркы тапта интернет желелерине ызгаар суук болуп, кар жааганына карабай, жарандардын чөк түшө калып намаз окуп жатканын чагылдырган сүрөттөр тарады.

Кээ бир колдонуучулар "бул жарандарды ушундай суукта кармап турган кайсы күч?" деп жазышкан. Ал эми сүрөттөр кечээ, 22-январь күнү жума намаз окулуп жаткан учурда тартылганы белгилүү болду. Азыркы тапта сүрөттөргө комментарий жазып, бөлүшкөндөр көп болуп жатат.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, адамдар намаз окуп жатканда жайнамаздарын кар каптап, үстүңкү кийимдерине кар үймөктөшүп калган.

Окурман SUPER.KG порталына кабарлагандай, сүрөт Мамбет Мамакеев атындагы оорукананын жаныдагы мечитте тартылган. Айтымында, мечиттин ичине киши батпай калгандыктан, алар намазын сыртта уланткан.

Кечээ кар калың жааганына байланыштуу "Түндүк электр" ААКсында электр энергиянын өлкө аймагында авариялык өчүрүлүшү катталганы тууралуу да маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(17)
23.01.2021. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+49
Аллахты бар экенин тааныган адам кар эмес таш жаасада окуйт жума намазды. Аллах кабыл кылсын жума намазынарды не тилеген болсонор аллах тилегинерди берсин
23.01.2021. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Аллахым ыраазы болсун Кыргыз калкымдан!!!
23.01.2021. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Нары киргизбей коюшту бекен, сооп болот эле го, бирөө эмес көпчүлүк экен эшигин ачып берип койбоптур да суукта.
23.01.2021. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
nazira...,жума намазда Адам коп болуп батпай калышат мечитке. Ал мечитта кичирээк
23.01.2021. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Батпай калгандар ушинтип сыртта окуп калышат
23.01.2021. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
bekalife, аа чын эле, жума күнү мечитте турбайбы, кечиресиздер. Намазыныздар кабыл болсун.
23.01.2021. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira...,
Намаз окуган адам эгер сабырдуу болбосо, агрессиясын ар кайсы жакты коргозо берсе, озунун эле жөрөлгөлөрүн мактай берсе, өзүнүн оюн таңуулай берсе, анда мындай учурда Кудайды данктай берүү пайдасыз. Ишенген адам эң биринчи адилеттүү болуш керек. Боло албайсыңбы анда тилдин учу менен бирөөгө даават айтпаш керек.
23.01.2021. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Акыр заман болот экен - деп дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Бактылуу жашоо - бир гана талыкпаган эмгек жана терең билим аркылуу келет деген ишенимди бекем карманам. Эгер күнөө кылсаңар, анда намаз окуп Кудайдан кечирим сурабай, биринчи кимге күнөө кылсак, ошол адамдан барып кечирим сурайлы. Эгер ал адам бизди кечирсе, анда Кудай кечирет бизди. Ал адам өзү кечирбесе, анда намаз окусам Кудай кечирет, мен тазамын деп үмүт кылба.
Janyl98 түзөттү 2021-01-23 18:18:45
23.01.2021. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Janyl98,бок жепсин
23.01.2021. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Janyl98,терен билим деп жазыптырсын! Эгер сенде ошол терен билим болгондо мындай жазбайт элен! Демек сен айтканына озунда ишенбейсин!
23.01.2021. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janyl98,жазганына караганда мусулман эмессин тууган. Ал өз ишиңиз. Эми намаз окуу, кечирим суроо сыяктуу динге байланыштуу суроолорду биз мусулмандар өзүбүз чечип алалы.
24.01.2021. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janyl98, менин түшүнүгүм боюнча силер мусулман эмес окшойсуңар. Бирок бир жеринде туура айтыптырсынар билим жөнүндө динибизде билим алгыла илим алгыла деп көп жерде айтылган аяттар жана хадистер бар, христиан атеисттер жана башка диндегилер эң биринчи эч нерсе ойлоп таба алган эмес баарысын мусулмандар көргөзүп кеткен жол менен кана кылып жатышат мисалы химия физика математика астрономия илимдерин мусулмандар ойлоп тапкан экватор сызыгын да мусулмандар изилдеп тапкан.
24.01.2021. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Janyl98, бүгүнкү күндө 21 кылымдын окумуштуулары изилдеп таба элек сырлар көп алардын баарысын 14 кылым мурда Пайгамбарыбыз ачып койгон ошол окумуштуулар таппаган суроолоруна жоопту Курандан табат бүгүнкү күндө.
23.01.2021. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуулук динде!
23.01.2021. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым намаздарын кабыл кылсын. Бул нерсенин несин талкуулап жатышат экен аа намаз окубаган кишилер эле талкулабаса
23.01.2021. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизди динге ишенбең адам эмес акмаксың деген түшүнүктү кичинекей свежый меебизге синирип коюшкан .Бирок эч ким айткан эмес Азыркы акыркы технологияларды атеисттер агностиктер алып келгенди .Биз бир жипке байланып калгандай калкпыз . Биз бактылуулукту динден гана издейбиз : бирок аалам чоң ар жэрден тапсаң болот .Биз дин деп мыйзам эмне экенин унутуп калгандайбыз.Бул менин жэке оюм .
24.01.2021. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуусун баарын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: