Ош. Айдоочулар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда
Ош шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлери


Ош шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлери

Чогулган айдоочулар

Айдоочулардын унаалары

Жол кирени көтөрүү маселеси жакында Ош шаардык кеңешинде каралат

Айдоочулар өз сунуштарын айтышты

Айдоочулар өз сунуштарын айтышты
Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунун акыркы аялдамасында Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттегинин жетекчилиги маршруттук каттамдардын айдоочулары менен жолугушту. Иш-чарага аталган агенттиктин жетекчиси Шайлообек Атазов барды. Сүйлөшүүдө жүргүнчү ташуучулар айдоочулардын укуктарын коргоо, жол кирени көтөрүү сунуштарын айтышты. Акыркы учурда айдоочулардын кары-картаңдар менен мектеп окуучуларына токтобой жатканы белгилүү болду. Анткени алар жол акынын жарым баасын гана беришет. Ал эми жол кирени көтөрүү боюнча маселе Шайлообек Атазов 11-октябрда боло турган шаардык кеңештин сессиясында каралып, бир жыйынтыкка келерин айтты.
Автор: Элира Чынтемир кызы
Фото: Элира Чынтемир кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

