Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин "UFC 257" турниринде канча гонорар алары белгилүү болду
Эртең, 24-январда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өтө турган "UFC 257" турниринде Конор Макгрегор 5 миллион доллар гонорар алса, америкалык мушкер Дастин Порье 1 миллион доллар гонорар алат. Мындай маалыматты Independent басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, бул сумма мушкерлердин беттешке катышкандыгы үчүн. Мындан тышкары, эки мушкердин ар бири акы төлөнүүчү берүүлөрдүн сатылышынын пайызын алышат.
Конор Макгрегор менен Дастин Порье алгач 2014-жылы беттешишкен. Анда Макгрегор атаандышын беттештин биринчи бөлүгүндө нокаутка учураткан. Макгрегор жалпы 26 беттеш өткөрүп, анын 22синде жеңүүчү аталып, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Ал эми, Дастин Порьеде 26 жеңиш жана 6 жеңилүү бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Muslim_KGstana.

23.01.2021. 23:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энннннннн
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.