"Зыяндуу заттар дарыяга кошулуп кетти". Чаткал районундагы алтын ылгоочу компаниянын калдыктарды сактоочу жайы ачылып кетти
Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы алтын кенин иштеткен "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясынын калдыктар сактоочу жайы жарылып, зыяндуу заттар эл суу ичүүчү дарыяга кошулуп кетти. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган айылдын тургундары тастыкташты.
"Зыяндуу заттар кошулуп кеткендиктен, жакын жашаган тургундарга дарыядагы сууну колдонбой тургула деп эскертип жатышат. Алтын иштетилген кенде уулуу цианид заты колдонулчу эле, эгерде ал зат дарыяга кошулуп кетсе эмне болот деп кооптонуп турабыз", - деди Терек-Сай айылынын тургуну.
Компаниянын калдыктар сактоочу жайы жарылганын "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы да тастыктап, бирок кенди иштеткен компания цианид затын колдонбой турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-январда, 16:00гө жакын болгон.
"Учурда саркынды суулардын дарыяга кошулуусу толугу менен токтотулду. Айлана чөйрөгө жана Терек-Сай айылынын жашоочуларына зыян тие турган кооптуу жагдай жок. Абал турукташып, "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясынын көзөмөлүндө турат. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ичүүчү суу менен камсыздалды.
Белгилей кетсек, алтын ылгоочу компания тарабынан уулуу цианид заты колдонулган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Чаткал районундагы алтын ылгоочу компаниянын калдыктарды сактоочу жайы ачылып кетти


1 |