"Жылына 5 миллион евро". Месут Озил Түркиянын "Фенербахче" клубуна өттү



Футбол боюнча Германия курамасынын жарым коргоочусу, 32 жаштагы футболчу Месут Озил Англиянын "Арсенал" клубуна Түркиянын "Фенербахче" клубуна өттү. Мындай маалымат эки футболдук клубдун тең расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Озил стамбулдук клуб менен 3 жарым жылга келишим түзгөн. Ал бул клубда жылына 5 миллион евро иштеп табат.
"Арсенал" футболдук клубунда Месут Озил жалпы 254 оюн өткөрүп, 44 гол киргизип, 77 жолу голдук пас чыгарып берген. Германиялык футболчу "Арсенал" клубунда 2020-жылдын март айынан бери оюнга чыккан эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.