super.kg logo

Орусиянын жогорку окуу жайларына документтерди кабыл алуу жүрүүдө

 

Кыргыз жарандары үчүн Орусиянын жогорку окуу жайларына документтерди кабыл алуу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө келишимдин (Москва шаары, 1996-жылдын 29-марты) алкагында Кыргыз жарандарына 2021-2022-окуу жылына карата Орусия Федерациясында окуу үчүн бюджеттик орундар бөлүндү.

Керектелүүчү документтер:

  • Паспорттун түстүү сканери (биринчи бет);
  • Орус тилине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн паспорттун котормосу (биринчи бет);
  • ID-картанын түстүү сканери (эки жагынан бир баракта);
  • ID-картанын орус тилине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу (эки жагынан бир баракта);
  • 11-классты бүтүргөн тууралуу аттестаттын (бардык барактары) же жогорку окуу жайды бүтүргөн тууралуу дипломдун (бардык барактары) түстүү сканери.

Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейин EDUCATION IN RUSSIA сайтында гана жүргүзүлөт. Кененирээк маалымат төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: