"Эти Бакыр Терексай" ишканасы "Зыяндуу заттар дарыяга кошулуп кетти" деген маалыматты төгүндөдү
Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы "Эти Бакыр Терексай" ишканасынын эски алтын ылгоочу фабрикасында жарылган отстойникте (саркынды сууларды сактоочу жер) цианид болгон эмес. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жарыялады.
"Аталган жайга буга чейин көмүрдүн калдыктары төгүлүп, 30 куб метрдин тегерегиндеги саркынды суу келип чогулуп турган. Тосмо жарылып суюктук дарыяга куюлган.
Окуя боюнча Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Анда жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн залалсыздандыруу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү, алынган лабораториялык жыйынтыктар боюнча ыкчам маалымат берүү керектигин билдирди.
Учурда экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, өзгөчө кырдаалдар, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жеринде текшерүү иштерин жүргүзүүдө" , - деп жазылат билдирүүдө.
Окуянын чоо-жайы:
2021-жылдын 23-январында Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы алтын кенин иштеткен "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясынын калдыктар сактоочу жайы жарылып, зыяндуу заттар эл суу ичүүчү дарыяга кошулуп кетти деген маалыматты SUPER.KG порталына аталган айылдын тургундары билдиришкен.
Аталган маалыматты "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан да тастыктап, 23-январда саат 16:00гө жакын болгонун айтышкан. Ошондой эле алтын ылгоочу компания тарабынан уулуу цианид заты колдонулбаганы айтылган.
Чаткал районундагы алтын ылгоочу компаниянын калдыктарды сактоочу жайы ачылып кетти


1 |