super.kg logo

Бишкекте мэриянын алдында жол киренин көтөрүлүшүнө каршы митинг өтүп жатат

 

Бүгүн, 25-январда Бишкекте шаардык мэриянын алдында коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүүгө каршы тынчтык митинги өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары учурда элдин кыйналып тургандыгын айтышып, бул маселени чече албаса шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин отставкага кетүүсүн талап кылууда.

Алар колдоруна "Балбак Түлөбаев, бардак кылба", "Акча жокто, арзан жол" , "Маршруттук мафияга жол жок" деген өңдүү плакаттарды көтөрүп алышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин шаардагы маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштарын билдиришип, жол кирени көтөрүүнү талап кылышкан. Кийинчерээк, Балбак Түлөбаев айдоочулар менен жолугушуп, аталган маселе чечиле тургандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2021. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эки капталды коруш кереко дейм бир жагы эле ойлой берсек эртен машруткалар жок болсо кунубуз таксиге калышыда мумкун машрутка айдаш деле кыйын 10 сомдон чолгултуп отуруп аран уй булосун тойгозот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: