super.kg logo

"Дүйнөдө коронавирустун мутацияланган түрү жайылууда. Мында биргелишип иштөөбүз зарыл" дейт пульмонолог

 

Бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча ведомстволук аралык комиссиянын корутундусу боюнча маалымат жыйын беришүүдө.

"Биз объективдүү маалымат берүүнү каалайбыз. Бейтаптар жөн гана кислород жетпегенинен, ооруканада тийиштүү шарт жок болгондуктан каза болуп жатты. Булар үчүн биз, дарыгерлер жооп бере албайбыз да. Бизде профессионалдар аз калды, көпчүлүгү кетип калды. Азыркы учурда деле бизге көптөгөн бейтаптар кайрылып жатышат. Плазма боюнча айтып жатабыз, биз эч кимди мажбурлаган жокпуз. Бизде Сооронбаев жана анын командасы плазма колдонууга мажбурлады деп айтып жатышат. Бул чындыкка туура келбейт. Биздин команда бардык аймактарда иштеди. Биз эч кимдин алдында кечирим суроого милдеттүү эмеспиз. Азыркы убакта дагы комиссиянын ишине жардам берип жатабыз. Бирок биз комиссиянын жыйынтыгына каршыбыз. Учурда дарыгерлер туура эмес диагноз коюшкан деп жатышат. Биз аткаминерлер эмеспиз, биз - дарыгербиз. Бизди туура эмес диагноз коюшкан, онлайн дарылоо кеңешме өткөрүшкөн эмес деп күнөөлөп жатышат. Булардын баары чындыкка туура келбейт.

Азыркы кезде биз мындай нерселер менен алышып отурганыбыз туура эмес. Дүйнөдө коронавирустун мутацияланган түрү жайылууда. Мында биргелишип иштөөбүз зарыл. Кээ бир өлкөлөр биздин коронавирус илдети менен күрөшүүдөгү практикабызды колдонууну үйрөнүүнү каалаган өлкөлөр бар. Биз гуманитардык жардамга эч кандай тиешебиз жок. Бул жерге келип маалымат жыйын өткөрүү ниетибиз жок эле, себеби убактыбыз жок. Бирок элге маалымат берүүгө туура келди", - деди профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2021. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куч органдары дарыгерлерди тынч коюп тургула. Эгер коркута берсенер Кудай корсотпосун дагы кайталанса копчулук дарыгерлер иштебей качып кетишет. Тынч жашоо кк деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: