super.kg logo

Кочкордо 22 жаштагы кыздын жансыз денеси сарайдан табылды. Шектүү изделүүдө

 

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор РИИБине 23-январь күнү саат 21:30 чамасында Теңдик айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Тынай-Булак кыштоосундагы чабанымдын жашоо-шартын көрүп келейин деп барган учурда сарайдан белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денесин көргөнүн айткан.

"Аталган билдирүү боюнча тергөө тобу окуя болгон жерге барып, үч бөлмөлүү үйдүн ичинен болжол менен 20-25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Алгачкы кароодо маркумга күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1998-жылы туулган К.К. экендиги такталган. Учурда чабандын аты-жөнүн тактоо жана аны кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2021. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Не деген эле заман болуп атат олтуруу зордуктоо урулук жана башка айта берсен толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: