super.kg logo

Жарандык активист: "Карапайым эл кыйналып турганда жол акысын көтөрүү туура эмес"

 

Бүгүн, 25-январда Бишкек шаардык мэриясынын алдында коомдук унаалардагы жол акысын көтөрүүгө каршы митинг болуп өттү. Акциянын уюштуруучусу жарандык активист Адилет Али Мыктыбек эл кыйналып турганда жол акысын көтөрүү туура эмес экендигин SUPER.KG порталына билдирди.

"Биз бүгүнкү акцияга коомдук транспорттогу жол акынын көтөрүлүүсүнө каршы болуп чыктык. Себеби пандемиядан соң эл дагы кыйналып, дагы деле ордуна келе элек. Айлык-акы жогоруласа да мейли дейт болчубуз. Бирок эч нерсе болбой туруп эле жол акысын көтөрөбүз деп чыгышты. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев берген маектеринин биринде "жеке тараптардын кызыкчылыктарын коргогонго мажбур болуп жатабыз" деген. Менин оюмча, ал биринчи кезекте шаар тургундарынын кызыкчылыктарын коргошу керек эмеспи. Бүгүн бизге мэрдин милдетин аткаруучунун кеңешчиси Аскат Осмонов чыгып, ал бул тема боюнча мени ачык талкууга келип катышып берүүмдү суранды", - дейт Адилет Али Мыктыбек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: