Мектептердеги COVID-19 илдети аныкталган окуучулар окуган класс онлайн окууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, коронавирустук инфекциясына жол бербөө алгоритми боюнча ал балдар окуган класс онлайн окууга жөнөтүлөт. Эки аптанын ичинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Аларга сабак берген мугалимдер ПЦР - анализдерди тапшыруу үчүн жиберилет.
"
Тилекке каршы, сөзсүз текшерүү иш-чарасында эки мектепте балдар COVID-19 менен ооруп жатканы аныкталды. Кийин белгилүү болгондой, эки үй-бүлөдө коронавирус инфекциясы жуккан учурлар болгон экен.Бактыга жараша, бардык коопсуздук чаралар аткарылды, окуу жайлардын кырдаалы көзөмөлгө алынды", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Буга чейин Бишкекте кадимки тартипте окуу башталган 2 мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталганы
маалымдалган.