Милициянын кайгуул кызматы кылмыш фактыларына күбө болгон жарандар үчүн номерлерди жарыялады

Милициянын кайгуул кызматы кылмыш, жорук жана бузуу фактыларына күбө болгон учурларда жарандарды төмөнкү номерлерге чалууну өтүнөт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздап, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп, ошондой эле “102” линиясы боюнча жарандардан түшкөн чакырууларды ыкчам жана сапаттуу тейлеп келет.
Мындан ары да коомдук коопсуздукка чогуу чара көрүү үчүн, жана жарандар менен тыгыз байланышта болуу үчүн, Бишкек ШИИББинин кайгуул кызматынын нөөмөт бөлүмү 24 саат бою күнү-түнү тейлеген номерин дагы бир ирет эскертебиз.
Байланыш телефону: 0312 53 01 81, 0312 53 22 33 жана 0509 102 122 WhatsApp номерине бузуулар тууралуу фото видео материалдарды жөнөтсөңүздөр болот.

