super.kg logo

"Шайтан вирус биз ойлогондон дагы акылдуу". Францияда үчүнчү ирет карантин режимин киргизүү пландалууда

 

Францияда үчүнчү ирет карантин режимин киргизүү пландалууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай билдирүүнү Франциянын өкмөттүн алдындагы илимий кеңештин жетекчиси Жан-Франсуа Дельфресси жергиликтүү телеканалдардын биринде айткан.

Анын айтымында, коронавирустун жаңы жугуштуу түрү жайылып жаткандыктан, үчүнчү карантин режими киргизилет. Азыркы учурда COVID-19дун жаңы түрү (британиялык штамп) Францияга дагы жетти жана өлкө ичинде жайылууда.

"Жаңы карантин режими киргизилиши мүмкүн. Ноябрь айындагы карантин ыңгайлуу же салыштырмалуу катуу болгон. Бирок март айындагыдай болгон эмес", - деген Жан-Франсуа Дельфресси.

Ошондой эле ал "шайтан вирус биз ойлогондон да акылдуу" деп кошумчалаган.

Францияда 16-январдан баштап коменданттык саат киргизилет. Ресторандар, кафелер, театрлар, кинотеатрлар жана музей жабык болот. Мындан сырткары сырттан келгендер милдеттүү түрдө коронавируска каршы тест тапшырып, карантин режимин сакташы керек.

Аталган өлкөдө биринчи жолу 2020-жылы 17-мартта карантин чаралары киргизилди. Экинчи карантин 30-октябрдан 15-декабрга чейин узартылган.

Акыркы маалыматтар боюнча Францияда 3 миллионго чукул адам коронавирус илдетине кабылды. 72 миң 8 жүзгө жакын бейтап каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.01.2021. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
72 миң 8 миңби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: