Аялдарга карата кылмыштардын саны өсүүдө (статистика)
2019-жылы республиканын аймагында аялдарга карата 4 миң 400 кылмыш жасалган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 14 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылга салыштырмалуу адамды уурдоо 2,3 эсеге көбөйдү. Ал эми зордуктоо 2,1 эсеге жана адам сатуу 2 эсеге өстү. Ошондой эле, 2019-жылы аялдарга карата мажбурлап никеге тургузуу менен байланышкан 24 кылмыш жана диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен 11 кылмыш жасалган.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго жана сейрек учурларда гана башка мекемелерге кайрылышат. 2019-жылы ушундай мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча жалпысынан 7 миң 818 адам кайрылган, алардын 85 пайызы аялдар. 2019-жылы кризистик борборлорго 6 миң 687 адам кайрылган. Ошол эле учурда, кайрылгандардын жалпы санынын 90пайызын аялдар түзөт.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын жана кризистик борборлорго кайрылгандардын үчтөн бирин 18-34 жаш курагындагы жаш аялдар түздү, ал эми улуу курактагы аялдар азыраак кайрылышат", - деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары 2019-жылы 1 миң 95 адам - аксакалдар сотуна, 36 адам - кайрымдуулук жана коомдук фонддоруна кайрылышкан.
"Кылмыш жасаган адамдардын арасында эркектер басымдуулук кылат. 2019-жылы алардын саны 16 миңден ашык адамды түздү же кылмыш жасаган адамдардын жалпы санынын 83 пайызын түздү. Эң жогорку кылмыш ишин жасагандар 29 жаш жана андан жогору жаш курактагы топто, эң төмөнү - 14-17 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.



1 |