Вице-премьер Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен коронавирустун жаңы штаммынын жайылышын алдын алуу боюнча талкуулашты
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, Кыргыз Республикасы Кыргыз-Орусия өнөктөштүгүнүн стратегиялык мүнөзүн жогору баалайт жана келечекте Орусия менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого умтулат. Ал орусиялык тарапка коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн колдоосу жана гуманитардык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жана COVID-19 вирусунун жаңы штаммынын жайылышын алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселесин, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн жана Орусиянын саламаттык сактоо министрликтеринин мындан ары карай өз ара аракеттешүүсүн талкуулады.

