"Карыздын жалпы суммасы 1 миллион 136 миң 584 сомду түзөт". Бишкек мэриясы жердин ижара акысын төлөбөй жүргөн ишкерди соттон жеңип алды
Борбор калаанын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы А.А. аттуу жаран менен 5 жылдык ижарага Каралаев көчөсүндө аянты 1 миң 384 чарчы метр жер тилкесине спорт аянтчасын долбоорлоо жана куруу үчүн келишим түзүлгөн. Бирок шаардык бюджетке ижара төлөмдөрү түшкөн эмес. Бүгүнкү күндө ижара төлөмдөрү боюнча карыз өткөн жылдын биринчи чейрегин эске алганда, 909 миң 267 сом жана айып пул 227 миң 316 сомду түзгөн. Карыздын жалпы суммасы 1 миллион 136 миң 584 сомду түзөт.
"Келишимдин шарттары аткарылбагандыгына байланыштуу Жер ресурстары башкармалыгы Свердлов райондук сотуна доо арыз менен кайрылууга аргасыз болгон. 18-январда сот шаардык бюджетке карызды төлөө боюнча шаардык муниципалитеттин пайдасына чечим чыгарды", - деп жазылат маалыматта.





1 |