Дүйнөдө он жыл ичинде жаратылыш кырсыгынан 410 миңден ашуун адам каза болду
Дүйнө жүзүндө 10 жыл аралыгында жаратылыш кырсыктары, аба ырайынын өзгөрүшү 410 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу саммитинде Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш 10 жыл ичинде жаратылыш кырсыктарынан 410 миңден көп адам каза болгондугун айткан.
Анын айтымында, дүйнө аба ырайынын тез өзгөрүшүнө күбө болууда.
"Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык бирикменин маалыматына ылайык, 50 жыл ичинде аба ырайына байланыштуу 11 миң жаратылыш кырсыгы катталган. Ошону менен катар айттырбай келген кырсыктар 3 триллион 600 миллиард материалдык зыян алып келген.
Он жыл аралыгында жаратылыш кырсыктарынан, тилекке каршы, 410 миңден көп адам каза болду. Алардын көпчүлүгү жашоо-шарт кирешеси төмөн жана орточо өлкөлөрдө катталган", - деген Антониу Гутерриш.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.