Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү сутка ичинде 51 миллион метр кубга азайды
Бүгүн, 26-январда өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 975 миллион 680 миң метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 26-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 975 миллион 680 миң метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 164 метр куб, агып чыгышы 769 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 25-январда Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 27 миллион 96 миң метр куб суу бар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.