Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жеңил унаа оодарылып кетип, эки адам жабыркады
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 16-чакырымында Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматы Ош шаардык ооруканага алып кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.