super.kg logo

"30 жыл чыдаган, эми 6 ай чыдагыла". Садыр Жапаров коррупция менен качан күрөшүп баштаарын айтты

 

Садыр Жапаров өзүнүн Телеграм каналына "коррупция жоголбой жатат, коррупция менен күрөшөбүз деп өз билемдик кылганды токтоткула" деген билдирүүсүн жазып чыкты.

"Урматтуу замандаштар! Коррупция жоголбой жатат, коррупция менен күрөшөбүз деп өз билемдик кылганды токтоткула! Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Ал үчүн бир аз гана убакыт керек. Мен жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек. 28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот. Апрель айында жаңы Конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт. Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула! Андайларды мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла дээр элем. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. 30 жыл чыдаган, эми алты ай чыдагыла! Бир күн да иштей элек жатсам жаңы бийлик иштебей жатат деген дооматыңар калыстыкка жатпайт. Чагымчылдыктын, бирөөлөрдүн куралы болуштун дагы чеги болуш керек", - деп жазды Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
26.01.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эл ишенип шайланган Садыр Жапаров айтканына турат деп ишенем.
26.01.2021. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буюрса Кыргызстан онолот,онугот.Муну биринчи ар бир жаран озунон баштоо керек.Коомдун буюмун бузбай,булгабай,урдабай,бул элдики деп тушунуу менен мамиле кылса.Анан дагы кимде ким элден уурдаса,бузса катуу жаза колдонсо.Сотто акыйкат болсо.Пара беруучудор жана алуучулар жазаланса.Оз баланды да элдин баласы деп тушунсок гана Кыргыз мамлекети онугот.Бироо баары учун,баары бироо учун деген принципти колдонсок,буюрса онугбуз.
26.01.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга кутобуз
26.01.2021. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик, байлык деп жулунбай тынч кызмат кылгандарды коюш керек кызматка. Мен билгендерден баягы эле эски жаны жок "бандит" адамдар Садыр Ж.бийликке келди мен да илээшип калайын деп чуркап жургондору канча. Эгер ошондой оз камын ойлогон жан кечтилер келсе Кыргызстандын онугушу кыйын.
26.01.2021. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Каап баштадыбы лапша илмейди.коррупция менен күрөшкөн болуп болушпогондорду камайт кайра койо берет.мен ишенем Швейцария болобуз дейт ага дагы ишенет элдер.акырында ажыдаарды куудук деп эл кууп жиберет.актана баштайт иштеп жаткан болчумун деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: