super.kg logo

Конституциянын жаңы долбоору боюнча министрлер президенттин аппарат жетекчисине баш иет

 

Конституциянын жаңы долбоору боюнча министрлер президенттик аппаратка баш иет. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жыйында билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин аппарат жетекчиси бир адам болот.

"Аткаруу бийлиги кандай болот деген маселенин тегерегинде көп талкуу болду. Жыйынтыгында кадимкидей эле министрлер кабинети, анын төрагасы боло турган болду. Министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттин администрациясын да жетектейт. Тактап айтканда бир киши бир эле учурда 2 кызматты аткарат. Мунун биринчи себеби, биз президенттик башкарууга бара жатабыз, ошондуктан президент администрациясы менен жоопкерчиликти алышы керек. Экинчи себеби, азыр көп маселелер президенттин аппаратында чечилет, бирок жоопкерчилик өкмөткө жүктөлүп калып жатат. Ошондуктан министрлер аппаратка баш ийип, начар иштесе жоопкерчиликти президенттик аппарат тартканы туура болот", - деди Бөрүбашев.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор - Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
26.01.2021. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы деле президент жоопкерчилик тартпайт экен эптеп элди алдоо.
26.01.2021. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо бир киши эки кызматты аркаласа бир эле айлык алабы же эки башка жумуш деп оз-озунчо толонобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: