super.kg logo

Бишкек шаарында жакынкы аралыкта бала бакчалар ачылбайт

 

Бишкек шаарында жакынкы аралыкта бала бакчалар ачылбайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, салттуу түрдө окуу режимине өткөн мектептердеги окуучулардан коронавирус илдети аныкталгандыктан бала бакчаларды ачуу убактысы узартылды.

"Ал эми окуучуларды жалпы салттуу окутуу режимине өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша аныкталат", - деди Айжан Чыныбаева.

Буга чейин бала бакчаларды 1-февралда ачуу пландалып жаткан.

Эске салсак, мектептердеги COVID-19 илдети аныкталган окуучулар окуган класс онлайн окууга жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: