super.kg logo

Мектептеги окуучу кыздардын хиджаб кийүү маселеси. Буга тиешелүү мекемелер түшүндүрмө берди

 

Билим берүү жана илим министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы мектептерде баш кийим (хиджаб, жоолук) кийүү боюнча түшүндүрмө беришти. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Илгиз Султанов билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан, билим алууга укуктуу.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 12-августунда Кыргыз өлкөсүнүн жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын мектеп формасына карата бирдиктүү талаптарды бекиткен.

Ага ылайык: эркек балдар үчүн мектеп формасы ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджактан турат.

Ал эми кыздар үчүн форма классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджактан турат;

окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону кийимдин классикалык стилинде болууга тийиш, ал эми окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек;

спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт. «Өкмөттүн аталган чечиминде баш кийим (калпак, жоолук, хиджаб, орогуч, бандана ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр камтылган эмес.

Ошондуктан, билим берүү системасы жоолукчан кыздардын билим алуу укугун камсыздоого милдеттүү. Билим берүү уюмдарынын администрациялары көрсөтүлгөн себептерден улам окуучулардын билим алуу укугун чектебеши керек.

Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон калкка сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасашы кажет», - деп айтылат билдирүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги пандемия шартында ата-энелердин финансылык абалын эске алып, 2020-2021-окуу жылынын аягына чейин милдеттүү форманы талап кылбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
27.01.2021. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот экен го ке бир мигалимдер не каршы чыга беришет түшүнбөйсүң мектеп окуучуларынын бары эле бирдей форма кийип калгансып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: