super.kg logo

Конституциянын жаңы долбоору боюнча аткаминерлер чет өлкөлүк банктарга каражат сактоого тыюу салынат

 

Конституциянын жаңы долбоору боюнча аткаминерлер чет өлкөлүк банктарга каражат сактоого тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өткөн конституциялык кеңешменин жыйынында айтылды.

Белгилүү болгондой, жаңы Конституциянын долбоорунун 43-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматты ээлеген адамдар чет өлкөнүн банктарына эсеп ачууга, акча каражаттарын же баалуу буюмдарын сактоого тыюу салынат.

Бул беренеге акыйкатчы Токон Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев жана эксперт Нурлан Шерипов каршы чыгышты. Добуш берүүдө көпчүлүк конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн добушу менен аталган беренени калтыруу чечилип, бирок мыйзам толукталмай болду.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
26.01.2021. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өтө жакшы маселе. Дагы балдарын да чет өлкөдө окутпаш керек, ошондо өзүбүздүн билим берүү системасына көңүл бурушат. Эң жакшы саамалык. Кош колдоп колдойбуз.
26.01.2021. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ураа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: