super.kg logo

"Бул Жапаровдун деле демилгеси болбосо керек". "Журналисттерге карата тандалма мамиле". Инаугурацияга журналисттердин киргизилбегени боюнча пикирлер

 

Президенттин ант берүү аземине журналисттер киргизилбейт. Бүгүн, 26-январда, бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Анын себебин аппараттагылар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу, орундар аз берилгени менен түшүндүрүштү.

Мындан тышкары президенттин инаугурациясына айрым гана ЖМК жетекчилери чакырылганы белгилүү болду.

Тарыхый окуяны чагылдырууга журналисттердин киргизилбей калышы боюнча SUPER.KG порталы пикирлерди угуп көрдү.

Илим Карыпбеков: “КТРК инаугурацияны ачык чагылдырбаса өздөрү эле уят болушат"

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков президенттин кызматка киришүү аземиндеги негизги иш-чара, анын ант берүүсү болуп санала турганын айтты. "Андан башка маанилүү деле маселе жок. Ал жерде башка журналисттерден жаап-жашыра турган деле нерсе болбойт деген ойдомун.

Мен билгенден биринчи ирет президенттин инаугурациясына журналисттер чакырылбай жатат. Албетте бардык журналисттер барып, ар тараптуу чагылдырылганы жакшы болмок. Бирок, эгерде КТРК ал жакта болгон иш-чараны ачык, жаап-жашырбай чагылдыра ала турган болсо, башка ЖМК өкүлдөрүнүн чакырылбаганы чоң трагедия деле болбойт. Ал эми КТРК баарын ачык чагылдырбай койсо өздөрү эле уят болушат", - дейт ал.

Гүлнура Төралиева: "Бардык ЖМКларга бирдей шартта саясий маанилүү окуяларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк берүү керек"

Медиа эксперт Гүлнура Төралиева журналисттерди тандоо критерийлери ачык жарыяланышы керек деген пикирде. "Менин оюмча бул тарыхый мааниге ээ коомдук, ири иш-чара. Дүйнө жүзү боюнча мындай иш-чаралар журналисттер тарабынан чагылдырылат. Андыктан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө карата тандалма мамиле дегенди токтотуу керек. Бардыгына бирдей шартта саясий маанилүү окуяларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Менин оюмча бул жерде тең укуктуулук принциби бузулууда. Журналисттерди чакырбоо менен жарандардын маалыматка жетүү укугу да бузулуп жатат. Себеби ар бир ЖМКнын өзүнүн аудиториясы бар. Биринчиден журналисттерге карата тандалма мамиле болгону, экинчиден маалыматка жетүү, алуу укугун чектөө туура эмес. Үчүнчүдөн журналисттердин функционалдык милдеттерин аткарууга чектөө коюлуп жатканы да туура эмес. Эгер уюштуруучулар мындай чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык абал менен байланыштырып, мындан улам орундуктар чектелүү болуп жатканы менен түшүндүрсө, анда алар ЖМК өкүлдөрү кандай критерий менен тандалып жатканын айтышы керек. Силерге буга карата адилеттүү жооп берилиши шарт. Эмне себептен конкуренттер чакырылып, бизге чектөө коюлду деген суроого жооп алуу керек. Ошондой эле журналисттерди тандоо критерийлери ачык жарыяланышы керек деп ойлойм", - деди Гулнура Төралиева.

Адил Турдукулов: "Бул Жапаровдун деле демилгеси болбосо керек"

Жарандык активист Адил Турдукулов маалымат каражатынын өкүлдөрү чакырылышы керек экенин айтты. "Президенттик шайлоодо атаандаш болгон талапкерлерди, экс-президент деген макамы бар инсандарды ант берүү аземине чакырганы туура болду. Анткени бул Садыр Жапаровдун "кызматташууга даярмын" дегенин түшүндүрөт. Маалымат каражаттарын деле чектөөсүз чакырса болмок. Миңдеген адамдар чогулгандан кийин журналисттер деле анчалык көп санды ээлебейт болчу. Бул Жапаровдун демилгеси эмес, анын жанындагыларынын кеп-кеңештеринин айынан болуп жатса керек", - дейт ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
26.01.2021. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башталды эски кейпи
26.01.2021. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эртен кайра журналистер кирсин деп чыгат.озу билип бирнерсе чече албайт.
26.01.2021. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай жөн эле отуруп тургулачы айланайындар. Эптеп эле каралаганга шылтоо издебей
26.01.2021. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Журналисттер кимсиңер силер, журналисттер десе эле ызы чуу болуп силер эки жүздүү кошоматчы провакаторсунар элге келип чоңдорду жамандап чоңдорго барып элди жамандап, силердин азабынар өтө оор ал күн да алыс эмес, вечно жашай тургандай жалганды жайасынар....
27.01.2021. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Вирусту жамынып алыптырлар бул Деген болбогон соз бок соз баары бирдей болушу керек
27.01.2021. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чагылдыр-га эмне анча кызыктынар,белгилуу да китепке колун коюп ант берет. Болду эми саясатты токтотолу, жаны бийликке мумкунчулук берели, озубуздун оокатты кылалы.
27.01.2021. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таптакыр жабык отот деген жокко, КТР аркалуу буткул Кыргызстан корот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: